• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Айрым маморгандар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аткаруучу органдары үчүн 10-май иш күн

Өкмөт 0

Бишкек, 09.05.20. /Кабар/. 2020-жылдын 10-майы - айрым мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аткаруучу органдары үчүн иш күн. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Бул чечим Кыргыз Республикасынын аймагына коронавирус инфекциясынын мындан ары жайылышына жол бербөө, экономикалык багыттагы иштерди жүзөгө ашыруу боюнча чараларды ыкчам кабыл алуу максатында кабыл алынды.

Ушул документтин негизинде жана Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине, "Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарында кызмат өтөө жөнүндө" мыйзамдарына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, төмөнкүдөй чечим кабыл алынды:

- Ушул буйруктун тиркемесинде көрсөтүлгөн мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары (макулдашуу боюнча) үчүн 2020-жылдын 10-майы иш күнү деп белгиленет;

- Ушул буйруктун тиркемесинде көрсөтүлгөн мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын (макулдашуу боюнча) жетекчилери тез арада 2020-жылдын 10-майы иш күнүндө иштөөчү кызматкерлердин тизмесин аныктоо керек.

Пикир

Оставить комментарий