• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди

Президент 0

Бишкек, 10.04.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Суу кодексине, „Суу жөнүндө“ Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2019-жылдын 20-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты суу пайдалануу үчүн акы төлөө жөнүндө маселени жөнгө салуу болуп саналат.

Суу кодексинин жана «Суу жөнүндө» Мыйзамынын колдонуудагы редакциясында суу үчүн жаратылыш ресурсу катары пайдалангандык үчүн акы алуу көрсөтүлгөн. Бирок суу объектилерине жана суу ресурстарын пайдалангандыгы үчүн акы алуунун тартиби жана шарттары, суу пайдалануучуларга жеңилдиктер аныкталган эмес. Ушуга байланыштуу аталган Кодекске жана Мыйзамга тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилди.

Алсак, Мыйзамда каралат:

— Суу объектилерин жана суу ресурстарын пайдалангандыгы үчүн акы төлөөнү аныктоонун жана алуунун, суу пайдалануучуларга жеңилдиктерди белгилөөнүн тартиби Кыргыз Республикасынын суу мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат;

— Суу объектилерин жана суу ресурстарын пайдалангандыгы үчүн акы төлөөнү аныктоонун жана алуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат;

— Суу ресурстарды пайдалангандыгы үчүн акы төлөөдөн мамлекеттик жана муниципалдык менчиктеги жаратылыш коруктары, ботаникалык бактар, заказниктер, жаратылыш эстеликтери, дендрологиялык парктар жана зоологиялык парктар, маданият, илим, билим берүү, саламаттык сактоо мекемелери жана башка мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржылануучу мекемелер менен уюмдар бошотулат. Суу пайдалануучулар жаратылыш ресурсу катары жер үстүндөгү сууну пайдалангандыгы үчүн төлөмдөн бошотулат: сууну айыл чарба өндүрүшүн, токой чарбасын, бак-дарактарды сугаруу, белгиленген лимиттин чектеринде балык көбөйтүү жана өстүрүү максатында пайдаланууда; сууну үй жаныбарларын жана короо-жай участогун сугаруу үчүн пайдаланууда; сууну ичүү жана чарбалык-тиричиликтик керектөөлөр үчүн пайдаланууда; калктын ичүү муктаждыктары үчүн суу алууну жүзөгө ашырууда; сууну санитардык жана экологиялык коё берүүлөрдө; сууну спорттук жана ден соолукту чыңдоо максатында, эс алуу жана ышкыбоздук балык уулоо үчүн пайдаланууда; суу объектилерине жана башка жаратылыш ресурстарына мамлекеттик мониторинг жүргүзүүдө, ошондой эле геодезиялык, топографиялык, гидрографикалык жана издөө-тартуу жумуштарында; гидроэнергетикалык, мелиорациялык, балык чарбалык, суу-транспорттук жана канализация багытындагы гидротехникалык курулмаларды жайгаштырууда жана курууда; мамлекеттин коргонуу жана коопсуздук муктаждыктарын камсыз кылууда.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий