• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди

Президент 0

Бишкек, 06.05.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына („Экспорттук контроль жөнүндө“, „Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө“ Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 14-мартында кабыл алынган.

Аталган Мыйзамдын максаты — Кыргыз Республикасынын экспорттук контроль чөйрөсүндөгү мыйзамдарын эл аралык укуктун жалпы таанылган массалык кыйратуучу куралдарды, аны жеткирүү каражаттарын жайылтпоо жаатындагы принциптерине жана ченемдерине шайкеш келтирүү, ошондой эле экспорттук контролду жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдарынын жана тышкы экономикалык иш-аракеттин катышуучуларынын мамилелерин укуктук жөнгө салууну жакшыртуу.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий