• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди

Президент 0

Бишкек, 16-июнь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу Президенттин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2017-жылдын 4-майында кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты - шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда соттолгон адам башка кылмыш жасаганда, ошондой эле уюшулган криминалдык топтордун мүчөлөрү үчүн жоопкерчиликти катуулатуу.

Мыйзамда Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине жана Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине эгерде буга чейин сот шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу чечим кабыл алган соттолгон адамга, ошондой эле уюшулган криминалдык топтордун мүчөлөрүнө карата шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуу кайрадан колдонулбастыгы тууралуу өзгөртүүлөр киргизилген.

Мыйзам өмүр бою эркинен ажыратылып, бирок ырайым жасоо иретинде жазасы эркиндигинен ажыратуу менен алмаштырылган соттолуучу, өмүр бою эркинен ажыратылган мезгилде жаңы кылмыш жасаса, ага карата шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу чечим кабыл алууга тыюу салат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий