• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Айрым мыйзам бузууларды эске албаганда шайлоо ачык-айкын өттү – Волков

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 11.01.21. /Кабар/. Кыргызстанда ачык-айкын шайлоо өтүшүнө олуттуу аракеттер көрүлдү. Бул тууралуу маалымат жыйында КМШ байкоочулар миссиясынын башчысы Виталий Волков билдирди.

Волков таза шайлоо өткөрүүгө бардык аракеттер жасалганын белгиледи.

"Ар бир жаранга эркин добуш берүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Өлкөдөгү 627 шайлоо тилкесин кыдырып чыктык жана шайлоонун даярдыгына жогорку баа бердик. Жалпылап айтканда, айрым мыйзам бузууларды эске албаганда шайлоо ачык-айкын өттү", - дейт ал.

Байкоочу кошумчалагандай, КМШ байкоочулар миссиясы жана көз карандысыз байкоочулар анализ жүргүзүштү. "Кыргызстандагы шайлоонун өтүшү эл аралык стандарттарга туура келет", - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий