• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Айрым облустардагы дарыялардын сууларынын деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн - ӨКМ

Коом 0

Бишкек, 02.05.18. /Кабар/. 2018-жылдын 2-майында туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан чачынга байланыштуу Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында дарыялардагы суунун деңгээли көтөрүлөт.

Ошол себептен, жергиликтүү калктын жана мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын (менчигинин түрүнө карабастан) күч-каражаттарын тартуу менен арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана ошондой эле дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүү зарыл.

2018-жылдын 2-майда түнкүсүн жана эртең менен көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 1-майда Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарында 17-22 метрге, 2-майда Нарын, Ысык-Көл облустарында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын күндүзгү температурасы төмөндөп: Чүй, Талас дыйканчылык аймактарында 11…16°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 13…18°, тоо этектеринде 10…15° жылуу, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында 10…15°, тоолуу райондордо 3…8° жылуу, бийик тоолуу райондордо -2° сууктан …+3° жылуулукка чейин болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Пикир

Оставить комментарий