• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Айрым педагогдордун айлыгы 33,6 пайызга көтөрүлдү – финансы министрлиги

Коом 0

Бишкек, 31.10.19. /Кабар/. Айрым педагогдордун айлык акы 33,8% көтөрүлдү. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында КР финансы министринин орун басары Улукбек Кармышаков билдирди.

Анын айтуусунда, президенттин тапшырмасы менен токтом кабыл алынып, ага ылайык, билим берүү системасында эмгектенген кызматкерлердин айлыгы 30% көтөрүлгөн, мисалы, кесиптик лицейлердин педагогдоруна – 32,8 жана 33,6%га.

«Кыйынчылыктарга карабастан, финансы министрлиги билим берүү системасында иштегендердин айлык акысын өз убагында 2 млрд 200 млн сом өлчөмүндө каржылады. Октябрга салыштырмалуу каржылоо 1 млрд 650 млн сомду түздү. Мурдагы айларга салыштырмалуу айлык акынын көтөрүлгөнүн эске алганда 550 млн сомго көп», - деди Улукбек Кармышаков.

Кошумча каражат 2020-жылдын бюджетине киргизилди. Кийинки жумада аталган маселе бюджет боюнча комитеттин чоң жыйынында каралат.

Пикир

Оставить комментарий