• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Айрым президенттикке талапкерлер өздөрүнө ишенбей, өз ара биригүүдө – саясат таануучу

Коом 0

Бишкек, 18.09.17 /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Айрым президенттикке талапкерлер өздөрүнө ишенбей, төмөнүрөөк, бирок олуттуу статусу бар саясатчыларды издешип, алар менен биригип жатышат. Мындай пикирин “Кабар” агенттигине саясат таануучу Марат Казакпаев билдирди.

Анын айтымында, чындыгында накта саясий соода жүрүп жатат, себеби саясатчылар бекеринен биригишпейт.

“Бир жагынан алганда, шайлоо учурундагы ар кандай бирикмелер – бул дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө мыйзам ченемдүүлүк. Экинчи жагынан популисттик убадалар жана кандайдыр бир милдеттерди өзүнө алуулар айтылат. Алсак, президент жөн эле өкмөттү отставкага кетире албайт. Анткен менен шайлоо алдындагы жарышта мындай убадалар жаңырып жатат”, - деди ал.

Марат Казакпаев белгилегендей, башынан эле шайлоодо негизги атаандаштар бийликтин партиясынын талапкери Сооронбай Жээнбеков менен “Республика-Ата-Журттун лидери Өмүрбек Бабанов болору белгилүү болгон.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт.

Пикир

Оставить комментарий