• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Айрым сабактарды таза абада өткөрүү: 2-6-класстардын окуучулары кандай шартта окушат?

Билим 0

Бишкек, 01.10.20. /Кабар/. 2-6-класстарды окууга киргизүү боюнча Билим берүү жана Саламаттык сактоо министрликтери тарабынан тиешелүү алгоритм иштелип чыкты. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов онлайн брифингде билдирди.

Анын айтымында, 2-6-класстардын окуучулары 6-октябрдан баштап окуй баштайт.

"Мектептерде 200гө чейин окуучу болсо, бекитилген сабактардын жүгүртмөсү кадимки режимде жүрөт. Андан көп сандагы окуучусу бар мектептерде ийкемдүү графикке ылайык окутулат. Баланын саны 200дөн 500гө чейин болсо, кадимки смендик окуу процесси уюштурулат. Ал эми 500 жана 500дөн жогору болсо, 2 сааттан кем эмес интервалы менен смендик окуу процесси уюштурулат", - дейт ал.

Боронов климаттык шарттарды эске алуу менен турмуш тиричилик коопсуздугу, мекен таануу, адеп, дене тарбия сабактарын таза абада өткөрүү сунушталганын айтат.

"Эгерде окуучунун саны 500дөн жогору жана шарттары жок болгон мектептер болсо, анда табигый-так илимдер багытындагы предметтер реалдуу режимде окутулат. Ал эми гуманитардык багыттагы предметтер дистанттык формада өткөрүү каралды. Бир нече тыюу салуулар бар: мектептерде ар кандай иш-чараларды өткөрүүгө уруксат берилбейт, ата-энелер менен башка адамдар имаратка киргизилбейт. Мектептерге, класстарга жана башка жайларга бир нече санитардык талаптар коюлду. Мисалы, бөлмөнүн ичин убагында желдетип туруу, дезинфекциялоочу каражаттар менен күнүгө 2 жолу тазалап туруу", - деп белгиледи ал.

Өкмөт башчы мектептин короосу, анын аймагы, спорт аянтчалары, мектепке жанаша жайгашкан имараттар да дайыма дезинфекцияланып туруу керектигин белгилейт.

"Окуучулардын жана мектепте иштегендердин бардыгынын ден соолугун күнүгө текшерип туруудан тышкары, балдар менен туруктуу байланышта болгон адамдардын (мугалимдер жана башка персонал) маска режимин сактоосу катуу талап кылынат. Коронавирус инфекцияны алдын алуу чаралары тууралуу, жеке гигиена, кол гигиенасы жана жөтөл этикетин сактоо боюнча көрсөтмөлөрдү берүү зарыл", - деди Боронов.

Пикир

Оставить комментарий