• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Айрым шахталардын коопсуздугу сакталган эмес

Аймак 0

Бишкек, 7-август /Кабар/. Баткен облусунда Мамэкотехтинспекциянын инспекторлору, Сүлүктү шаарынынын мэриясынын өкүлдөрү жана Кызыл жайрым ай коому менен биргеликте коопсуздук окутууларын өткөрүштү. Бул тууралуу Мамэкотехтинспекциянын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматында, тагыраак айтканда, Баткен облусу боюнча бүгүнкү күндө жүздөгөн кара алтын казуу жайлары орун алган. “Алардын арасында Мамлекеттин карамагындагы жана жеке менчиги бар. Жыл сайын таш көмүрдү казып алууга миңдеген жумушчулар тартылат. Бирок алардын айрымдарынын коопсуздугу такыр сакталган эмес. Анын кесепетинен жаратылыштын ар кандай кырсыктарына дуушар болуп, жаракат алып, көз жумгандар да жок эмес. Буга байланыштуу инспекторлор жумушчулардын коопсуздугун кандай сакталып, өмүрлөрүнө коркунуч келген учурларда биринчи жардам көрсөтүүлөр, ошондой эле ден соолуктарына тез-тезден көзөмөл жүргүзүп туруу максатында түшүндүрүү менен окутууларды жүргүздү”, - деп айтылат билдирүүдө.

“Жердин алдындагы кендерди казып алууда коопсуздук күч алышы зарыл” деген ураан менен сабактарды өткөрүп жаткан инспекторлор, кара алтынды казуу иштерин текшерип гана тим болбостон, алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү максат кылышат. Ошондой эле, кен казуучу шахталарда техникалык талаптардын сакталышы акырындык менен ирээтке келе баштаганын адистер кошумчалады. Себеби 5 жыл ичин алып караганда жер алдынан көмүрдү казып алуунун туура технологиясын ишкерлер дагы өздөштүрүп, коопсуздукту акырындык менен жоюуга өз күчтөрүн жумшап келишет”, - дешти Мамэкотехтинспекциядан.

Пикир

Оставить комментарий