• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Айрым судьялар 50, 80 миң доллар киреше табышат – Клара Сооронкулова

Коом 0

Бишкек, 19.10.18. /Кабар/. Айрым судьялар 50, 80 миң доллар киреше табышат. Бул тууралуу “Мамлекеттин сот тармагындагы коррупцияга каршы саясаты: абалы жана келечеги” аталышындагы тегерек үстөлдүн жүрүшүндө “Укук мектеби” коомдук уюмунун төрайымы Клара Сооронкулова билдирди.

Анын айтымында, коррупция көйгөйү бар башка мамлекеттерде судьялар жашы жете электерге дагы декларация жасашат. Сооронкулова мындай талаптар судьялардын мүлктүк абалын аныктоо үчүн өзгөчө мүнөзгө ээ болушу керек деп эсептейт.

“Биз судьялардын 2015-2016-жылдардагы колдонууга эркин бир нече декларациясын анализдеп чыктык. Көптөр өздөрүнүн кирешелерин жана активдерин текшерүү жок болгондугуна байланыштуу жашырып коюшат. Мамлекеттик кадр кызматы баарын формалдуу түрдө жасап жатат”, - деди төрайым.

Андан соң ал өзддөрүнүн бир бүтүмүнөн 80 миң доллар, башкасынан 53 миң доллар кирешесин жашырбаган судьялар бар экендигин, андан сырткары алар өздөрүнүн хан сарайларын, батирлерин, унааларын декларациялай турганын белгиледи.

“Өмүрү өткөнчө сот системасында иштеген киши ким экендигине кызыккан орган жок”, - деди Сооронкулова.

Пикир

Оставить комментарий