• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Айрым татыксыз соттордун коррупциялык аракеттери токтобой жатканы тууралуу кайрылуулар келип жатат – Жээнбеков

Президент 0

Бишкек, 09.12.19. /Кабар/. Айрым татыксыз соттордун коррупциялык аракеттери токтобой жатканы тууралуу кайрылуулар келип жатат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргызстандын соттук системасынын 95 жылдыгына арналган иш-чарада билдирди.

Анын айтымында, мамлекеттин кадыр-баркы соттордун ишине көз каранды болот.

"Чет элдик инвесторлордун өлкөбүзгө деген ишеними артат. Дүйнөлүк коомчулукта Кыргызстандын аброю сот системасынын тазалыгы менен өлчөнөөрүн эсиңерден чыгарбагыла", - деди ал.

Ал белгилегендей, сот системасынын жакынкы жылдары аткара турган милдеттери арбын. Биринчи артыкчылыктуу багыт – судьялардын жоопкерчилигин жогорулатуу.

"Абийирдүү, адилеттүү, чынчыл судьяларды тандоо – Сотторду тандоо кеңешинин милдети. Кеңештин алгылыктуу аракети менен, бүгүнкү күндө соттук корпус бир кыйла жаңыланды. Бирок, судьялык кызматка кокустан келип калгандар да жок эмес", - деди президент.

Жээнбековдун айтымында, аларга айрым татыксыз судьялардын коррупциялык аракеттери дале токтобой жатканы тууралуу кайрылуулар келип жатат. Мисал катары, бүтүндөй сот системасынын аброюна көлөкө түшүргөн акыркы фактыларды айтсак болот. Кээ бир судьялар – кылмышкерлердин ишинин оордугуна көз жумуп, алардын жоопкерчилигин жеңилдетип, кылмыш аракеттерин бурмалаган учурлар жок эмес. Аларга карата Судьялар кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясы эң катуу чараларды көрүшү керек.

"Мага берилген маалымат боюнча, 2017-19-жылдары Тартип комиссиясы 190 судьяны тартип жоопкерчилигине тартуу жөнүндө чечим кабыл алган. Анын ичинен 14 судьяга сөгүш, ал эми 170 судьяга эскертүү түрүндөгү тартип жазалары берилген. Башкы прокуратуранын сунуштамалары боюнча 11 судьяны, анын ичинде мурдагы 6 судьяны жана иштеп жаткан 5 судьяны жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берилген. Бир катар судьялар боюнча Комиссия тарабынан ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу түрүндөгү чечимдер кабыл алынган. Аларды колдоого алып, тиешелүү жарлыктарга кол койдум", - деди ал.

Президент билдигендей, ошондуктан, мыйзамдуулукту коргой турган бийлик бутагынын өкүлдөрү мыйзамсыз кадамдарга баруу фактылары – түп-тамыры менен жоюулууга тийиш. Судьялык кесип – өтө жооптуу кесип, ал жаңылууну, ката кетирүүнү кечирбейт. Ар бир чечимдин артында адамдын тагдыры турат. Ал гана эмес, туура эмес кабыл алынган соттук чечимдер жалпы мамлекетик башкарууга, бүтүндөй коомго доо келтирет.

"Биз мыйзамды мыкты билген, анын үстөмдүгүн сактаган, акыйкат иш алып барган, көз карандысыздык менен жоопкерчиликти айкалыштыра билген судьялардын корпусун түзүүгө умтулуп жатабыз. Мунун натйыжасында, өздөрүнүн калыстыгы менен коомубузда бийик кадыр-баркка,кынтыксыз ишенимге ээ болгон судьялардын курамы өсүп чыгат", - деди ал.

Соттук системада артыкчылыктуу багыттардын катарында жаңы мыйзамдарды жана кодекстерди колдонуунун сапатын жогорулатуу жана соттук практиканы жалпылоо; санариптештирүүнү аягына чыгаруу; өлкөнүн сотторунун ишин оптималдаштыруу; сот системасынын материалдык-техникалык базасын өнүктүрүү.

Пикир

Оставить комментарий