• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Айрым жарандар КРга кирүүдө «COVID-19суз саякаттайм» тиркемесиндеги ПЧР-анализдин жыйынтыктарын көрсөтө алат

COVID - 19 0

Бишкек, 14.04.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын аймагына «Манас», «Ош» жана «Ысык-Көл» эл аралык аэропортторундагы контролдоо-өткөрүү пункттары аркылуу келүүчү Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин жарандары «COVID-19суз саякаттайм» мобилдик тиркемесинде көрсөтүлгөн коронавирустук инфекцияга (COVID-19) текшерүүлөрдүн терс жыйынтыктарын көрсөтө алат. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-мартындагы №84-б буйругуна өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасынын аймагына Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин жарандарын киргизүүнү этап-этап менен жандандыруу шарттарында калктын саламаттыгын коргоону камсыз кылуу максатында, «Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык киргизилген.

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматына, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине, Кыргыз Республикасынын Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигине, Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматына, Кыргыз Республикасынын башка кызыкдар мамлекеттик органдарына ушул буйруктан келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрүүсү тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий