• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо дайындалды

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 29.09.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Жарлыкка ылайык, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Тогуз-Торо айылдык кеңешине, Чаткал районунун Терек-Сай айылдык кеңешине, Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешине, Ош облусунун Кара-Суу районунун Кара-Суу шаардык кеңешине шайлоону 2021-жылдын 28-ноябрына дайындоого токтом кылынат.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жогоруда аталган өкүлчүлүктүү органдарына шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды.

Мындан сырткары, министрлер кабинетине, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына тийиштүү тапшырмалар берилди.

Пикир

Оставить комментарий