• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Айрым жерлерде жааган жамгырды эске албаганда 4 күн КР аймагында күн ачык болот

Коом 0

Бишкек, 23.10.17. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Жакынкы төрт күн аралыгында Кыргызстандын аймагында күн ачык болуп, айрым жерлерде гана жаан жаашы мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 24-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жана Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, тоолордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 14 метрге жетет.

Ал эми, 25-26-октябрда кээ бир тоолуу райондордо жана тоо этектеринде бир аз жаан-чачын жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

27-октябрда жана 28-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 28-октябрда күндүз айрым жерлерде жаан жаап, тоолордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Пикир

Оставить комментарий