• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Айрым жол эреже бузуулар үчүн айып пулдун өлчөмү төмөндөдү. Мыйзамга президент кол койду

Президент 0

Бишкек, 16.01.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 11-декабрында кабыл алынган.

Өзгөрүүлөр Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин ченемдерин жакшыртуу, жарандардын жоопкерчилигин ажыратып бөлүү бөлүгүндө, акыйкат жана гуманизм принциптерине таянып, бузуулардын айрым категориялары үчүн айып пулдардын өлчөмдөрүн өзүнчө белгилөө максатында кабыл алынды.

Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинини 123-1-беренесинде (Транспорт каражаттарынын айдоочуларынын жол кыймылынын эрежелерин бузуусу) көрсөтүлгөн айрым бузуулар үчүн айып пулдун өлчөмү 3 000 сомдон 1 000 сомго чейин төмөндөтүлгөн:

— жол белгилеринин талаптарын аткарбоо;

— жолдун жүрүүчү бөлүгүндөгү чийиндердин талаптарын аткарбоо (каршы кыймылдын тилкесине чыгуу менен кууп өтүү, же болбосо манёвр жасоо эрежелерин бузууларды кошпогондо);

— токтоо же токтоп туруу эрежелерин бузуу;

— коопсуз дистанцияны, интервалды сактабоо, же болбосо жолдун жүрүүчү бөлүгүндө транспорт каражаттарын жайгаштырууну бузуу же автомагистралда жүрүү эрежелерин бузуу;

— светофордун тыюу салуучу сигналы же жөнгө салуучунун тыюу салуучу жаңсоосу болгондо жол белгилери же жолдун жүрүүчү бөлүгүнүн чийиндери менен белгиленген стоп-линиянын алдында токтоо жөнүндө Жол кыймылынын эрежелеринин талаптарын аткарбоо;

— каршы кыймыл тилкесине чыкпай туруп кууп өтүү же маневр жасоо эрежелерин бузуу;

— тышкы жарык берүүчү приборлорду же болбосо эскертүүчү сигналдарды пайдалануу эрежелерин бузуу (бардык механикалык транспорт каражаттарына сутканын жарык убагында калктуу конуштардан тышкары жерлерде фаранын жандырылган жакын жарыгы менен жүрүү талаптарын кошпогондо).

Ошону менен бирге транспорт каражатын жалган же жасалма мамлекеттик каттоонун номердик белгилери (белгиси) менен башкаруу бузуулар категориясынан (айып пулу 10 000 сом) жоруктар категориясына өткөзүлүп (айып пулу 20 000 сомдон 30 000 сомго чейин), бул укук бузуулуктун жоопкерчилиги күчөтүлгөн.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий