• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Айсулуу Тыныбекова акыркы үлгүдөгү "Тойота" унаасын белекке алды

Коом 0

Бишкек, 25.12.19. /Кабар/. Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова жаңы унаалуу болду. Бул тууралуу спортчу өзүнүн Instagram баракчасында билдирүү жасады.

Тыныбекова 2019-жылы чыккан "Тойота" үлгүсүндөгү унааны белекке алды.

"2019-жылкы “Тойота” үлгүсүндөгү унааны белек кылган ”Газпром Кыргызстан” ишканасынын башкы директору Абилдаевге ыраазычылык билдирем", - деп жазган спортчу.

Тыныбекова ушул жылдын сентябрь айында Нур-Султан калаасында өткөн кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча дүйнө биринчилигинде дүйнө чемпиону болгон. Ал 62 килограмм салмакта күч сынашкан.

Эскерте кетсек, Айсулуу Тыныбекова Бириккен күрөш уюмунун (UWW) 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча "Тарых жаратуучу" наамына татыган.

Пикир

Оставить комментарий