• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Айсулуу Тыныбекова Азия биринчилигинин коло байгесин алды

Спорт 0

Бишкек, 21.02.20. /Кабар/. Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова (62 кг) Индияда өтүп жаткан күрөш боюнча Азия биринчилигинин коло байгесин алды.

Коло үчүн кармашта ал индиялык Сонам Сонам менен күрөшүп, аны 11:0 эсебинде жеңип алды.

Бүгүн кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча мелдеш жыйынтыкталды. Анын жыйынтыгы менен Кыргызстандын эсебинде 1 күмүш, 1 коло бар. Күмүш байгени кечээ, 20-февралда Айпери Медет кызы (76 кг) утуп алган.

Эскертке кетсек, Нью-Делиде (Индия) өтүп жаткан күрөш боюнча Азия биринчилиги 18-23-февраль күнү болуп өтөт. Эртең эркин күрөш боюнча балбандар таймашка түшөт.

Пикир

Оставить комментарий