• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Айсулуу Тыныбекова Азия оюндарынын алтын медалын алышы мүмкүн

Спорт 0

Бишкек, 06.09.18 /Кабар/. Индонезияда өткөн Азия оюндарында кыз-келиндери арасындагы эркин күрөш боюнча алтын медаль утуп алган монголиялык Орхон Пуревдорж медалынан ажыратылды. Бул тууралуу Азиянын олимпиадалык кеңешинин сайтында кабарланды.

Маалыматка караганда, Орхон Пуревдорж Индонезиядагы Азия оюндарынан четтетилген, ал эми анын мелдештердеги жыйынтыктары жокко чыгарылган.

Билдирүүгө ылайык, бул Азия оюндарынын катышуучуларынын допинг боюнча тести оң натыйжа көрсөткөн экинчи учур.

Азиянын олимпиадалык кеңешинин маалыматы боюнча, Пуревдорждун канынан станозолол аттуу кызытма табылган.

Эл аралык стандарттарга ылайык, Азия оюндарындагы алтын медаль экинчи орунду алган Айсулуу Тыныбековага өткөрүлүп берилиши керек.

Пикир

Оставить комментарий