• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Айсулуу Тыныбекова балбан кыздардын ысымы ыйгарылган үч эмди төрөт үйүнөн чыгарууга барды

Коом 0

Бишкек, 19.10.21. /Кабар/. Дүйнөнүн эки жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова балбан кыздардын ысымы ыйгарылган Айсулуу, Айпери, Аймээрим менен көрүштү. Бул тууралуу Тыныбекова өзүнүн соцтармагындагы баракчасына билдирүү калтырды.

Эскерте кетсек, 5-октябрда Бишкектеги перинаталдык борборунда үч эм жарык дүйнөгө келген.

Көп өтпөй кыз-келиндер арасында Кыргызстандын курамасынын спортчулары Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова жана Айпери Медет кызынын ысымы ымыркайларга ыйгарылганы белгилүү болгон. Тактап айтканда, ымыркай кыздарга Айсулуу, Айпери жана Аймээрим ысымы берилген.

Тыныбекова кыздардын төрөт үйүнөн чыгарылышына барып, наристелерге узун жана маңыздуу жашоону каалады.

“Бүгүн мен үчүн өзгөчө күн болду, анткени төрөт үйүнө биринчи жолу барып, үч эм кыздарды жарык дүйнөгө алып келген Бермет эже менен баарлашып, өзгөчө сезимдерге чөмүлдүм. Айсулуу, Айпери, Аймээрим сиңдилерим дүйнөгө аттары чыккан, күчтүү, мээримдүү, бактылуу кыздардан болушсун”, - деп жазат спортчу.

Пикир

Оставить комментарий