• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Айсулуу Тыныбекова баштаган үч спортчу Азия чемпионатына катышат

Спорт 0

Бишкек, 11.02.20. /Кабар/. Индияда күрөш боюнча Азия чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Чемпионат 18-23-февралда Индиянын Нью-Дели шаарында өтөт.

Мелдешке Айсулуу Тыныбекова (62 кг), Нураида Анаркулова (57кг), Назира Марсбек кызы (59 кг) жана Айпери Медет кызы (76кг) катышат.

Ошондой эле таймашка Кыргызстандын атынан грек-рим жана эркин күрөш боюнча балбандар да катышат.

Белгилей кетсек, Индияда өтө турган Азия чемпионаты лицензиялык мелдеш болуп эсептелинбейт.

Пикир

Оставить комментарий