• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Айсулуу Тыныбекова баштаган спортчу кыздар Украинадагы мелдешке катышат

Спорт 0

Бишкек, 25.02.21. /Кабар/. Кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команда Украинанын алдыңкы балбандарынын жана машыктыруучуларынын элесине арналган XXIV эл аралык мелдешке катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Мелдеш 25-28-февраль күндөрү Киев шаарында (Украина) өтөт.

Аталган мелдеште кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команда төмөнкү курамда катышат:

1. Айсулуу Тыныбекова 62 кг;
2. Айпери Медет кызы 76 кг;
3. Мээрим Жуманазарова 68 кг;
4. Назира Марсбек кызы 57 кг;
5. Нурбек Изабеков – башкы машыктыруучу.

Белгилей кетсек, спортчулар Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан иш-сапарга жөнөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий