• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Айсулуу Тыныбекова Бириккен күрөш уюмунун версиясы боюнча "Тарых жаратуучу" наамына татыды

Спорт 0


Бишкек, 25.12.19. /Кабар/. Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Бириккен күрөш уюмунун (UWW) 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча "Тарых жаратуучу" наамына татыды. Бул тууралуу аталган уюм өзүнүн сайтында кыргызстандык спортчу туурасында видео жарыялады.

Ушул жылдын сентябрь айында Нур-Султан калаасында Тыныбекова кыз-келиндер арасында күрөш боюнча дүйнө чемпиону аталган. Ал 62 кг чейинки салмакта катышкан.

"Дүйнө чемпиону болуу менен кыялым эле. Азыр менин кыялым орундалды. Бул жеңиш менен өлкөмө жана командама арналат", - деп Тыныбекова билдиргенин аталган уюм жазат.

Пикир

Оставить комментарий