Бишкек, 7- июнь /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кыргызстандык белгилүү спортчу Айсулуу Тыныбекова бириккен дүйнөлүк күрөш уюмунун (United World Wrestling) версиясы боюнча дүйнөдөгү эң күчтүү балбандардын арасынан 3-орунду ээледи.
Жакында Азия, Индия жана Азербайжанда өткөн оюндардын жыйынтыгы боюнча жаңыланган тизме жарыяланган.
Бир аптада эки алтын медаль алган Айсулуу Тыныбекова 4-орундан 3-орунга көтөрүлдү.
Рейтинг боюнча 1-орунда Япониялык Каори Ичо, 2-орунда Тунистик спортчу Марва Амри, ал эми 3-орунду Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова турат.
Пикир
Оставить комментарий