• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Айсулуу Тыныбекова Дүйнө кубогунда мыкты спортчу деп табылды

Спорт 0


Бишкек, 25.12.20. /Кабар/. Кыргызстандык Айсулуу Тыныбекованы Дүйнөлүк күрөш уюму Дүйнө кубогунда мыкты спортчу деп тапты. Бул тууралуу Тыныбекова фейсбуктагы баракчасына билдирүү калтырды.

Эскерте кетсек, Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө кубогунда алтын медаль уткан.

Мелдеш 12-18-декабрда Белград шаарында (Сербия) өткөн.

Тыныбекова мелдешке 62 кг салмакта катышкан. Ал 1/8 финалында румыниялык Криста Инцени 10:0 эсебинде жеңип алган. Ал эми чейрек финалда кыргызстандык спортчу Жансу Аксой (Түркия) менен күрөшүп, аны да 10:0 эсебинде утуп алды. Жарым финалда Тыныбекова россиялык Любовь Овчарова менен кармашып, 13:2 эсебинде жеңишти илип кетти.

Финалда мекендешибиз латвиялык Анастасия Григорьева менен килем үстүндө күч сынашып, аны 14:0 ири эсебинде артта калтырган.

Пикир

Оставить комментарий