• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Айсулуу Тыныбекова дүйнөлүк рейтингде 6-орунга түшүп калды

Спорт 0

Бишкек, 03.10.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) рейтингинде 6-орунга түшүп калды.

Тыныбекова 62 кг салмакта кыз-келиндер күрөшү боюнча рейтингде 33 миң упай менен алтынчы сапта турат. Буга чейин ал биринчи орунду эч кимге бербей келген. Учурда рейтингдин сап башына 2022-жылы дүйнө чемпиону болгон япониялык Нонока Озаки чыкты.

Ал эми Мээрим Жуманазарова 68 кг салмакта 12-сапка (буга чейин биринчи орунда турган), Айпери Медет кызы 76 кг салмакта 9-сапка (буга чейин экинчи орунда турган) түшүп калды.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 10-18-сентябрында Белград шаарында күрөш боюнча дүйнө чемпионаты өткөн. Анда Айсулуу Тыныбекова коло медаль үчүн кармашта украиналык Илона Прокопевнюкка 7:8 эсебинде утулуп калган.

Мээрим Жуманазарова менен Айпери Медет кызы алгачкы беттешинде жеңилүү ызасын тарткан.

Аталган ири мелдештин жыйынтыгы менен рейтинг кайрадан түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий