• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Айсулуу Тыныбекова Франциядагы дүйнөлүк чемпионатка катышат

Спорт 0

БИШКЕК, 11.08.17. /Кабар/. Кыргызстандын аялдар курама командасы 19-27-августка чейин Францияда өтө турган дүйнөлүк чемпионатка катышат деп билдирди Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги.

Кыргызстанды дүйнөлүк биринчиликте Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова жана Назира Марсбек кызы тааныштырат.

Ал эми грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандын курамына Каныбек Жолчубеков, Жанат Кыйлыбаев, Нургазы Асангулов, Кайратбек Түгөлбаев, Самат Шырдаков, Азат Бейшебков, Үзүр Жүзүпбеков жана Мурат Рамановдор барат.

Эркин күрөш боюнча Улукбек Жолдошбеков, Алибек Осмонов, Эламан Догдурбек уулу жана Саякбай Усуповдор күрөшөт.

Пикир

Оставить комментарий