• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Айсулуу Тыныбекова Ислам оюндарында экинчи ирет алтын утту

Спорт 0

Бишкек, 11.08.22. /Кабар/. Түркиянын Конья шаарында өтүп жаткан Ислам шериктештиги оюндарында Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча алтын медалдын ээси болду.

Айсулуу Тыныбекова алгач эле 1/4 финалдан баштап, казакстандык спортчуну жеңген. Жарым финалда сенегалдык балбан кыз менен беттешип, 10:0 эсебинде жеңип, финалга жолдомо алган.

Ал эми финалдык беттеште гвинеялык спортчу менен кез келип, 11:0 эсебинде жеңишти камсыздады.

Белгилей кетсек, Айсулуу Тыныбекова 2017-жылы Ислам оюндарында алтын байгеге ээ болгон.

Пикир

Оставить комментарий