• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Айсулуу Тыныбекова Ислам тилектештиги оюндарында «алтын» алды

Спорт 0

Бишкек, 22-май /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Аялдар күрөшү боюнча спортчу Айсулуу Тыныбекова IV Ислам тилектештиги оюндарында төртүнчү алтын медалды утуп алды.

КР Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы билдиргендей, ал 21-майда 58 кг чейинки салмак категориясында эркин күрөш боюнча мелдештерге катышты. А.Тыныбекова Түркиядан келген атаандашы Дерий Байханды 10:0 эсебинде ишенимдүү жеңип, финалга чыккан.

«Финалдык беттеште А.Тыныбекова Азербайжандык Алена Колесник менен беттешти. Катуу таймашта биздин спортчу 5:2 эсебинде жеңишке жетишти», - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Белгилей кетсек, учурда Кыргызстандын эсебинде 16 медаль – 4 алтын, 4 күмүш, 8 коло сыйлык бар. Кыргызстан медалдык эсеп боюнча 10-орунда турат.

Пикир

Оставить комментарий