• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Айсулуу Тыныбекова Испанияда өткөн эл аралык турнирде алтын медаль утту

Спорт 0

Бишкек, 16.07.18. /Кабар/. Кыргызстандык Айсулуу Тыныбекова күрөш боюнча Grand Prix of Spain эл аралык турнирде алтын медаль утту.

Спорттук мелдеш Мадрид (Испания) шаарында 14-15-июль күндөрү жайкы Азия оюндарына даярдык көрүүнүн алкагында өткөн.

КР спортчусу 59 кг чейинки салмактык категорияда беттешке чыгып, алгач АКШ жана Россиянын балбан-айымдарын жеңип, биринчи орун үчүн беттеште казак спортчусун утуп алган.

Эске сала кетсек, жайкы Азия оюндары 18-августтан 2-сентябрга чейин Жакарта жна Палембанг (Индонезия) шаарларында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий