• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Айсулуу Тыныбекова Италиядагы эркин күрөш боюнча мелдештин жарым финалына чыкты

Спорт 0

Бишкек, 16.01.20. /Кабар/. Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова Италиядагы кыз-келиндер арасындагы эркин күрөш боюнча мелдештин жарым финалына чыкты.

Италиянын Рим калаасындагы Matteo Pellicone 2020 мелдешинде Тыныбекова 62 кг чейинки салмакта катышууда.

Мелдештин чейрек финалында кыргызстандык балбан америкалык Эллен Килтини 10:0 эсебинде жеңип алды.

Эскерте кетсек, Тыныбекова таймаштын чейрек финалында кытайлык спортчу Жиа Лонгду 6:6 эсебинде (акыркы болуп упай алганы жеңет) утуп алган.

Пикир

Оставить комментарий