• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Айсулуу Тыныбекова Италиядагы мелдеште каршылашын жеңип, чейрек финалга чыкты

Спорт 0


Бишкек, 16.01.20. /Кабар/. Айсулуу Тыныбекова Италиядагы кыз-келиндер арасында күрөш боюнча мелдештин 1/8 финалында каршылашын жеңип алды.

Италиянын Рим шаарында өтүп жаткан мелдеште Тыныбекова кытайлык спортчу Жиа Лонгду 6:6 эсебинде (акыркы болуп упай алганы жеңет) утуп алды.

Айсулуу Тыныбекованын чейрек финалдагы каршылашы америкалык Мэйли Эллен болот.

Буга чейин Нураида Анаркулова мелдештин 1/8 финалында германиялык спортчуга жеңилип калган. Дагы бир Кыргызстандык спортчу Айпери Медет кызы россиялык балбан Наталья Воробьевага утулуп калган.

Пикир

Оставить комментарий