• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Айсулуу Тыныбекова күрөш боюнча Азия чемпиону болду

Спорт 0

Бишкек. 26.04.19 /Кабар/. Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер арасында күрөш боюнча Азия чемпиону болду.

Азия биринчилиги Кытайдын Сиань шаарында өтүп жатат.

Тыныбекова 62 кг салмактагылар арасында күч сынашып, финалда япониялык Ю.Каваини жеңип, алтын медалдын ээси болду.

Тыныбекова үчүнчү жолу Азия биринчилигин багындарды. Буга чейин ал 2016 жана 2017-жылдары Азия чемпиону болгон.

Эске салсак, Кыргызстандык балбан Алигаджи Гамидгаджиев (86 кг) эркин күрөш боюнча күмүш медалдын ээси болгон.

Ал эми Мээрим Жуманазарова (68 кг) жана Ойбек Насиров (78 кг) коло медал жеңип алышкан.

Пикир

Оставить комментарий