• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Айсулуу Тыныбекова күрөш боюнча Дүйнө кубогунун финалына чыкты

Спорт 0


Бишкек, 15.12.20. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө кубогунун финалына чыкты. Бул тууралуу Дүйнөлүк күрөш уюмунун сайтында айтылат.

Мелдеш 12-18-декабрда Белград шаарында (Сербия) өтүүдө.

Тыныбекова мелдешке 62 кг салмакта катышууда. Ал 1/8 финалында румыниялык Криста Инцени 10:0 эсебинде жеңип алган. Ал эми чейрек финалда кыргызстандык спортчу Жансу Аксой (Түркия) менен күрөшүп, аны да 10:0 эсебинде утуп алды.

Жарым финалда Тыныбекова россиялык Любовь Овчарова менен кармашып, 13:2 эсебинде жеңишти илип кетти. Финалдык беттешүүдө мекендешибиз латвиялык Анастасия Григорьева менен алтын үчүн күрөшөт.

Дүйнө кубогунда ошондой эле Айпери Медет кызы (76 кг), Мээрим Жуманазарова (68 кг) жана Нураида Анаркулова (57 кг) күч сынашат.

Белгилей кетсек, буга чейин Кыргызстандык балбан Руслан Царев грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө кубогунда коло медалдын ээси болгон.

Пикир

Оставить комментарий