• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Айсулуу Тыныбекова күрөш боюнча эл аралык мелдештин финалына чыкты

Спорт 0

Бишкек, 16.01.20. /Кабар/. Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова Италиядагы кыз-келиндер арасындагы эркин күрөш боюнча мелдештин финалына чыкты. Бул тууралуу Бириккен күрөш уюмунан билдиришти.

Италиянын Рим калаасындагы "Matteo Pellicone 2020" мелдешинде Тыныбекова 62 кг чейинки салмакта катышууда.

Тыныбекова жарым финалда америкалык Коллин Мираклды жеңип, мелдештин финалына чыкты. Финалда россиялык спортчу Любовь Овчарова менен күрөшөт.

Мелдештин чейрек финалында кыргызстандык балбан америкалык Эллен Килтини 10:0 эсебинде жеңип алган. Ал эми таймаштын 8/1 финалында кытайлык спортчу Жиа Лонгду 6:6 эсебинде (акыркы болуп упай алганы жеңет) утуп алган.

Эскерте кетсек, Айсулуу Тыныбекова Түркияда өткөн "Yasar Dogu-2020" мелдешинде алтын медаль жеңип алган.

Пикир

Оставить комментарий