• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Айсулуу Тыныбекова менен Эрназар Акматалиев Дүйнө чемпионатынын финалына чыкты

Спорт 0

Бишкек, 05.10.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык спортчулар Айсулуу Тыныбекова менен Эрназар Акматалиев спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынын финалына чыкты. Бул тууралуу United World Wrestling уюмунун сайтында айтылат.

Тыныбекова 62 кг салмакта мелдештин 1/8 финалынан баштап катышып, япониялык Нонока Озакини 6:4 эсебинде утуп алды. Мелдештин чейрек финалында кыргызстандык спортчу белорустук Вераника Иванованын далын жерге тийгизип, таза жеңишти камсыздаса, жарым финалда украиналык Илона Прокопевнюкту 5:2 эсебинде жеңди.

Нет описания.

Тыныбекова финалда америкалык Кайла Коллинге каршы чыгат.

Ал эми Акматалиев 70 кг салмакта чемпионаттын тандап алуу баскычынан баштап катышты. Анын алгачкы атаандашы шри-ланкалык Каруна Пели болуп, мекендешибиз 10:0 эсебинде аны жеңип алды. Мелдештин 1/8 финалында Акматалиев армениялык Арман Андреасян менен килем үстүнө чыгып, аны 11:2 эсебинде артта калтырды.

Кийинки чейрек финалда кыргызстандык балбан ирандык Эрфан Элахи менен кармашып, акыркы мүнөттөрдө эки балбан тең бири-бирин артка чапканга жетишти. Калыстардын узак чечими менен жеңишти Акматалиев илип кетти.

Ал эми финалга чыгуучу күрөштө кыргыз балбаны россиялык Евгений Жербаев менен күч сынашып, 9:5 эсебинде алдыга чыкты.

Алтын үчүн күрөштө Акматалиев польшалык Магомедмурад Гаджиев менен кармашат.

Эскерте кетсек, спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты 2-10-октябрда Норвегиянын Осло шаарында өтүүдө. Ага Кыргызстандын атынан 15 балбан аттанган.

Пикир

Оставить комментарий