• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Айсулуу Тыныбекова: Парижде өтчү Олимпиада оюндарына катышамбы же жокпу азырынча чече элекпиз

Спорт 0

Бишкек, 07.08.21. /Кабар/. Алдыдагы Парижде өтчү Олимпиада оюндарына катышамбы же жокпу аны азырынча чече элекпиз. Бул тууралуу Айсулуу Тыныбекова кыргызстандык спортчуларды тосуп алуу аземинде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

“Өзүңүздөр билгендей, Олимпиадага алтын медаль алам деп баргам. Буйрук экен экинчи орунду алып отурам. Кийинки Олимпиада оюндарына катышуу жөнүндө мелдеш бүткөндөн кийин жеке машыктыруучум, жалпы команда менен отуруп сүйлөшүп, кандайдыр бир чечим кабыл алганга мүмкүнчүлүк болгон жок. Жалпы команда менен чогулуп сүйлөшүп жыйынтык чыккан соң, албетте мен жалпы кыргызстандыктар менен бөлүшөм”, - деди Тыныбекова.

Белгилей кетсек, Айсулуу Тыныбекова Токиодогу Олимпиада оюндарында кыз-келиндер арасында күрөш боюнча мелдештин күмүш медалын тагынды. Акжол Махмудов Токиодогу Олимпиада оюндарында күмүш медаль багындырса, ал эми Мээрим Жуманазарова коло байге утту.

Кыргызстандан Токио шаарында өтүп жаткан ХХХII жайкы олимпиада оюндарына 16 спортчу барган.

Токиодогу Олимпиада оюндарына катышкан спортчулар Кыргызстанга бүгүн учуп келди.

Пикир

Оставить комментарий