• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Айсулуу Тыныбекова Парижде өткөн дүйнө чемпионатынан кайтып келди

Спорт 0

Бишкек, 28.08.17. /Айжамал Дуйшоева – Кабар/. Кечээ, “Манас” эл аралык аэропортунан Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги Парижде өткөн дүйнө чемпионатында коло медаль тагынган Айсулуу Тыныбекованы тосуп алды. Бул тууралуу мамагенттиктен кабарлашты.

Тыныбекованын айтымына караганда, чемпионат жогорку деңгээлде өттү.

“Машыгуу кезинде оң далымды кокустанып алгандыгыма байланыштуу жакшы даярдана албай калдым. Машыгуу убагында мен дарыланып жаттым. Ага карабастан медаль утууга аракет жасап жаттым. Мени колдогон кыргызстандыктардын баарына терең ыраазымын”,-деди ал.

Эске сала кетсек, Айсулуу Тыныбекова Парижде өткөн дүйнө чемпионатында коло медаль алган.

Ал 58 кг чейинки салмак категориясында Кытай спортчусу Нининг Ронгду 6:5 эсебинде жеңген.

Пикир

Оставить комментарий