• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Айсулуу Тыныбекова Париждеги дүйнө чемпионатында коло алды

Спорт 0


БИШКЕК, 24.08.17 /Кабар/. Кыргызстандык Айсулуу Тыныбекова Парижде өткөн дүйнө чемпионатында коло медаль алды.

Ал 58 кг чейинки салмак категориясында Кытай спортчусу Нининг Ронгду 6:5 эсебинде жеңген.

Бүгүн Мээрим Жуманазарова 69 кг салмагындагылар арасында беттешет.

Кыргызстандын башка спортчулары – Айпери Медет (75 кг чейин) жана Назира Марсбек кызы (55 кг чейин) – жакшы натыйжа көрсөтө алышкан жок.

Эми эркин күрөш боюнча балбандардын мелдеши күтүлүүдө.

Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын курамасы Париждеги чемпинатта беттештерин аяктады. Алар 8 салмак категориясында чыгышты. 59 кг чейинки салмакта Каныбек Жолчубеков коло үчүн таймашта утулуп, 5-орунду алды.

Пикир

Оставить комментарий