• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Айсулуу Тыныбекова Польшадагы эл аралык турнирде күмүш алды

Спорт 0

Бишкек, 10-июль /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова Польшадагы күрөш боюнча «Ziolkowski, Pytlasinski & Poland Open» эл аралык турниринде экинчи орунду алды. Бул тууралуу спорттун бул түрү боюнча федерациясынан билдиришти.

Алардын маалыматы боюнча, 7-9-июлда өткөн турнирде 24 комплект медаль үчүн таймаш болду.

Айсулуу Тыныбекова 58 кг салмак категориясында Америкалык спортчуга жеңдирип, 2-орунду алды.

Мындан тышкары, Каныбек Жолчубеков 59 кг грек-рим күрөшү боюнча турнирдин коло медалын алды.

Пикир

Оставить комментарий