• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Айсулуу Тыныбекова Poland Open эл аралык мелдешинин жеңүүчүсү болду. Видео

Спорт 0


Бишкек, 10.06.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова Польшада өтүп жаткан күрөш боюнча Ziolkowski, Pytlasinski, Poland Open мелдешинде алтын медаль багындырды. Бул тууралуу United World Wrestling уюмунун расмий сайтында айтылат.

Мелдеш 8-13-июнь күндөрү Варшава шаарында өтүүдө.

Тыныбекова 62 кг салмакта алгач россиялык Любовь Овчарова менен килем үстүнө чыгып, аны 14:8 эсебинде утуп алды. Россиялык спортчуну уткандыгы үчүн мелдештин жарым финалына өттү.

Жарым финалда кыргызстандык спортчу россиялык Светлана Липатова менен кармашып, 3:1 эсебинде аны да жеңип, мелдештин финалына чыкты.

Финалда канадалык Ана Паула Годинезди 7:1 эсебинде артта калтырган Айсулуу Тыныбекова алтын медалга татыды.

Пикир

Оставить комментарий