• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Айсулуу Тыныбекова “Poland Open” мелдешиндеги биринчи кармашында жеңишке жетти

Спорт 0

Бишкек, 06.11.20. /Кабар/. Айсулуу Тыныбекова (62 кг) Варшавадагы күрөш боюнча “Poland Open” мелдешиндеги биринчи кармашында жеңишке жетти.

Ал россиялык балбан кыз Ульяна Тукуренова менен күрөшүп, аны 12:3 эсебинде жеңип алды.

Эскерте кетсек аталган мелдеш Польшанын Варшава шаарында 4-ноябрь күнү башталган. Ал 8-ноябрь күнү жыйынтыкталат. Кыз-келиндер арасындагы кармаштар 6-7-ноябрь күндөрү болуп өтөт.

Аталган мелдешке Айсулуу Тыныбековадан тышкары Айпери Медет кызы (76 кг), Мээрим Жуманазарова (68 кг), Нураида Анаркулова (57 кг), Назира Марсбек кызы (59 кг) катышууда.

Пикир

Оставить комментарий