• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Айсулуу Тыныбекова Ысык-Көлдө окуу-машыгууларын өткөрүүдө

Спорт 0

Бишкек, 10.12.19. /Кабар/. Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук кураманын спортчулары Ысык-Көл облусунда окуу-машыгууларын өткөрүүдө. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Окуу-машыгуулар Чолпон-Ата шаарында 2-19-декабрь күндөрү болуп өтөт.

Машыгууларга Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы, Нураида Анаркулова, Назира Марсбек кызы, Дильноза Сазанова, Назик Мирлан кызы, Каныкей Анварбекова жана Айжаркын Нурланбек кызы катышууда.

Пикир

Оставить комментарий