• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Айсулуу Тыныбекова: Өз добушумду Сооронбай Жээнбековго берем

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 10.09.17 /Кабар/. Кыргызстандын атуулу катары өзүмдүн добушумду Сооронбай Жээнбековго берем, деп билдирди күрөш боюнча Дүйнөлүк чемпионаттын коло медалынын ээси, Олимпиада оюндарынын катышуучусу Айсулуу Тыныбекова. Бул тууралуу ал 10-сентябрдагы Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбековдун шайлоо кампаниясынын старт алышы учурунда билдирди.

Анын айтымында, Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын премьер-министри болуп иштеп турган мезгилинде жалпы кыргыз спортчуларына чоң колдоо көрсөтүп келген. «Сооронбай Шарипович спортчулардын бардык маселелерин, ошонун ичинде каржылоону да убагында чечип келген. Сооронбай Шарипович президент болуп калса, жалпы Кыргызстандын спортунун өсүп-өнүгүшүнө ар тараптан колдоо көрсөтөт жана ошондой эле Кыргызстандын спортчулары Дүйнөлүк олимпиада оюндарында чоң ийгиликтерди жаратат деп ишенем», - деп белгиледи А.Тыныбекова

Эскерте кетсек, Азия жана Дүйнөлүк чемпионаттарында кыргыз спортчулары ийгиликтерди жаратканда, Өкмөт үйүндө Сооронбай Жээнбеков бир канча жолу аларды жеке кабыл алып, көптөгөн спортчуларды колдоп, Кыргыз Өкмөтүнүн ардак грамотасы жана башка сыйлыктары менен сыйлаган.

  • КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С. Ш. Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу ɵкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан тɵлɵндү.

Пикир

Оставить комментарий