• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Айсулуу Тыныбекова жаракатына карабай аялдар күрөшүндө 2-орунду алды

Спорт 0

Бишкек, 20-февраль /Кабар/. Кыргызстандык Айсулуу Тыныбекова кечээ Швецияда «Klippan Lady Open» аялдар күрөшү боюнча эл аралык мелдеште “күмүш” медаль жеңил алды. Бул тууралуу КРнын күрөш федерациясы билдирди.

Чоңдор, жаштар жана өспүрүмдөр арасындагы аялдар күрөшү боюнча мелдеш 17-19-февралда Швециянын Клиппан шаарында өттү. Мелдеш 48, 53, 55, 58, 60, 63, 69 жана 75 кг чейинки салмактык категорияда өттү.

“58 кг чейинки салмактык категорияда Айсулуу Тыныбекова 2-орунду утуп алды, жаракатына байланыштуу ал финалга чыга алган жок. Олимпиада оюндары 2016нын күмүш медалынын ээси Валерия Коблова чемпион болду”,-деп белгиледи федерациядан.

Пикир

Оставить комментарий