• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Айсулуу Тыныбекова “Жылдын адамы” сынагынын лауреаты болду

Спорт 0

Бишкек, 28.11.17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Эркин күрөш боюнча КР спорт чебери Айсулуу Тыныбекова “Жылдын тандоосу – Жылдын адамы” сынагында “Жылдын спорттук жетишкендиги” номинациясында сыйланды. Бул тууралуу КР күрөш федерациясы билдирди.

24-ноябрда Бишкекте “Жылдын тандоосу – “Коомдук таазим”, “Жылдын адамы”, “Айкөл Манас”, “Кыргызстандын канаттуу келечеги” сыйлыктарын тапшыруу” улуттук долбоорунун мыкты товар өндүрүүчүлөрдү сыйлоо 17-салтанаты өттү.

“Жылдын тандоосу” фестиваль-сынагы Кыргызстанда эл аралык долбоор болуп саналат. Анын максаты – рыноктогу мыкты товарларды жана кызматтарды аныктоо. Фестивалдын жыйынтыгын жарыялоо Кыргызстан эли үчүн жакшы салтка айланды.

Айсулуу Тыныбекова Азиянын эки жолку чемпиону, Ашхабаддагы Азия оюндарынын коло байге ээси.

Пикир

Оставить комментарий