• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Айсы районунда Өзбекстанда абактан качкан эки жаран кармалды

Аймак 0

Бишкек, 05.08.20. /Кабар/. Айсы районунда Өзбекстанда абактан качкан эки жаран кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Чек ара кызматы билдиргендей, Ала-Бука чек ара бөлүмүнүн чек арачыларына Өзбекстандын Ташкент облусунун Зангиата районундагы абактан эки адам качып кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Ала-Бука чек ара бөлүмүнүн чек арачылары менен Ички иштер министрлигинин кызматкерлери Айсы районунун Бел-Согот тилкесинде чек арадан мыйзамсыз өтүп Өзбекстандан чыгып кетүүгө аракет кылган Өзбекстандын 24 жаштагы С.Х. жана 29 жаштагы А.Б. аттуу жарандарын кармашкан.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалгандар милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий