• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Айт намаз 5-июнда Бишкектеги Эски аянтта окулат

Коом 0

Бишкек, 03.06.19. /Кабар/. Айт намаз 5-июнда Бишкектеги Эски аянтта таңкы саат 7:30да окулат. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.

Айт намаздын программасы:

06:00-07:00 — Дин аалымдарынын баяндамалары;

07:00-07:20 — Азирети Муфтийдин куттуктоосу жана баяндамасы;

07:20-07:30 — Өкмөттүн куттуктоосу;

07:30 — Айт намаз.

Бишкек шаардык милициясынан кабарлашкандай, 5-июнь күнү Айт намаз учурунда Бишкектин бир нече көчөсү убактылуу жабылат.

Алар:

-Чүй проспектиси — Абдрахманов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейин;

-Фрунзе көчөсү — Абдрахмановдон Тоголок Молдо көчөсүнө чейин.

Пикир

Оставить комментарий