• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Айт намаз учурунда Ала-Тоо аянтына кастет алып келген 19 жаштагы жигит шарттуу кесилди

Укук тартиби 0

Бишкек, 20.11.18. /Кабар/. Айт намаз учурунда Ала-Тоо аянтына кастет алып келген 19 жаштагы жигит бир жылга шарттуу түрдө кесилди. Бул тууралуу Жогорку соттун сайтында кабарланат.

Бишкек шарында 15-июнь күнү Тыныстанов жана Чүй көчөлөрүнүн кесилишинде саат 6:20лар чамаларында Н.Ч. аттуу жарандын сумкасынан кастет табылган.

Жүргүзүлгөн экспертизалардын тыянагына ылайык, кастет колго жасалган жана ошондой эле ал муздак куралдар категориясына кирет.

Соттолуучу өз күнөөсүн жарым жартылай мойнуна алып, ал кастетти өзүнүн таанышынан алганын аткан. 15-июнь күнү Ала-Тоо аянтына намаз окуу үчүн келгенде, укук-коргоо органдары андан кастет таап алышкан.

Жаран бир жылга шарттуу түрдө соттолгон.

Пикир

Оставить комментарий