• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Айтен Рустамова ЕРӨБдүн Кыргызстандагы аймактык директору болуп дайындалды

Коом 0

Бишкек, 28.06.21. /Кабар/. Айтен Рустамова Европалык реконструкция жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) Кыргызстан, Тажикстан жана Түркмөнстандагы аймактык директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Европалык реконструкция жана өнүктүрүү банкынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал Кыргызстандын баш калаасы Бишкек шаарында жайгашат жана 2021-жылдын 1-сентябрынан тарта кызматына киришет.

“Акыркы 4 жылдан бери иштеп келе жаткан Борбордук Азияда калганыма абдан кубанычтамын. Мен иштейм деп турган өлкөлөрдө ЕРӨБдүн билимине жана ресурстарына болгон муктаждык Covid-19 пандемиясынан кийин бир топ жогорулады. Мен бардык өлкөлөрдөгү өнөктөштөр менен тыгыз иштешип, бул экономикалардын бардыгын туруктуураак кылууга жардам бере турган жашыл, инклюзивдик, санариптик жана жашоону өзгөрткөн долбоорлорду колдоого алам. Мен бул жаңы чакырыкты чыдамсыздык менен күтүп жатам ", - деди Рустамова.

Азербайжан жараны Айтен Рустамова 2001-жылы ЕРӨБгө кошулуп, 2017-жылы ЕРӨБдүн Тажикстандагы кеңсесин жетектөөгө чейин Баку кеңсесинде ар кандай банк кызматтарын аркалаган. Ал Азербайжан мамлекеттик чет тилдер университетинин чет тилдер боюнча магистр даражасына, жана ошондой эле Джорджия мамлекеттик университети (Атланта, АКШ) менен биргеликте Хазар университетинин (Азербайжан) эл аралык бизнес магистринин даражасына ээ.

ЕРӨБдүн Кыргызстандагы, Тажикстандагы жана Түркмөнстандагы боюнча аймактык директору катары Рустамова Нил МакКейндин ордуна келет. МакКейн банктын Лондондогу башкы кеңсесине башка кызматка кайтып барат.

Пикир

Оставить комментарий